Бишкектин айрым конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт

3-октябрда Бишкектин айрым конуштарында таза суу болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 3-октябрда Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельский көчөсү, Ала-Арча суусу, Жибек-Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү менен чектешкен жерлерде таза суу өчүрүлөт.

Мындан тышкары Красный Строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын Бешик, Салам Алик конуштарында да ичүүчү суу болбойт.

Ага ылайык, таза суу турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде саат 9:00дөн 21:00 гө чейин токтотулат.

"Северный" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу ичүүчү суу убактылуу токтотулат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан