Өлкөнүн түштүгүндөгү аэропорттор кыш мезгилине даяр

"Манас" эл аралык аэропортунун Ош филиалы, "Раззаков", "Баткен", "Жалал-Абад" жана "Кербен" аэропортторунда кыш мезгилине кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөөгө кепилдик берүүчү кызматтар жана атайын техникалар толук даяр. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Техникалык тейлөө учуунун жана авиациялык коопсуздуктун бардык зарыл чараларын эске алуу менен жүргүзүлө турганы айтылды.

Учурда бардык кызматтар теориялык жана практикалык аттестациядан ийгиликтүү өтүп, кесиптик квалификациясын жогорулатышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан