Пакистанда мечиттин жанында жарылуу болуп, кеминде 52 адам каза тапты (видео)

Пакистандын Мастунг шаарындагы мечиттин жанында жарылуу болуп, 52 адам каза тапты. Бул тууралуу Dawn басылмасы жазып чыкты.

"Кеминде 52 адам, анын ичинде бир полиция кызматкери каза болуп, 50дөн ашууну жарадар болду", - деп айтылат маалыматта.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, жардырууну жанкечти жасаган.

Кийинчерээк Пакистандын дагы бир мечитинде жарылуу болгон. Ал өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан Хангу шаарындагы мечитте болгон. Анда имараттын чатыры толугу менен урап калган. Жергиликтүү маалымат каражаттары полицияга шилтеме берүү менен эки адам каза таап, беш жарандын жаракат алганын жазып чыгышты.

Ал эми урандынын алдында 40 адамдын калып калганы айтылууда.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан