Жалал-Абадда жүрөк операциясы 130га жакын жаранга бекер жасалат

Бүгүн, 29-сентябрда Жалал-Абад шаарына Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын 30дан ашуун дарыгерлер бригадасы келди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар бир жума бою шаарда жайгашкан Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунда болушат. Дарыгерлер 15 жаштан жогорку, жүрөк ооруларынан жабыркаган 130га жакын жаранга акысыз операцияларды жасашат.

"Мында оорулуулардан эң алгач социалдык абалы оор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген муктаж жарандар тандалып алынат. Бул иш-чара 29-сентябрь – Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнүн алкагында уюштурулган", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан