Бишкекте "Ихлас" курулуш компаниясы тосмосун өз ыктыяры менен алууда

Бишкекте "Ихлас" курулуш компаниясы тосмосун өз ыктыяры менен алып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган тосмо шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында алынууда.

Ага ылайык, Бишкек мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы буга чейин "IHLAS" курулуш компаниясынын жетекчилиги менен муниципалдык аймактын мыйзамсыз орнотулган тосмосу жана курулушу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Учурда 50 метр темир тосмо өз ыктыяры менен алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан