Бишкектеги Чүй көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, кырсыктан 3 жаштагы наристе каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Бүгүн, 29-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Чүй көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 17:35те 2 бөлүм жана штаб тартылган. Өрт саат 17:51де чектөөгө алынып, саат 18:46да толук өчүрүлгөн.
Өрттөн батирдин балкону толук өрттөнүп, тилеке каршы тилсиз жоонун кесепетинен 2020-жылы туулган А.М аттуу бала каза болгон.