Жалал-Абад облусунда интимдик кызмат көрсөтүп келген жай аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, облус аймагында кыздарды ар түрдүү сексуалдык мүнөздөгү интимдик кызмат көрсөтүү жана сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруп жүргөн жаран боюнча ыкчам маалыматтар алынган.
Бул факты кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
27-сентябрь күнү милиция кызматкерлери Спутник кичи шаарчасында тинтүү иштерин жүргүзүшкөн.
"Контролдук сатып алуу атайын тергөө аракеттеринин натыйжасында белгиленип берилген акча каражаттары, интимдик кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акчалар, эсеп кылган дептер жана презервативдер алынган. Ошондой эле интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн кыздар, сутенёр болуп иштеген администраторлор кармалып, Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматына жеткирилген. Алардын ичинен 3 жаран Өзбекстандан келип, сойкулук менен алектенип жүргөндүгү аныкталды", - деп билдиришти обустук милициядан.
Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.