Прогресс айылында 32 жаштагы аял каза болду. Кылмышка келиндин кошунасы шектелүүдө

Чүй районунун Прогресс айылында 32 жаштагы аялга бир нече жолу бычак сайылып, ал ооруканадан каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, окуя 18-сентябрда саат 10:30дар чамасында болгон. Анда 67 жаштагы жергиликтүү тургун мас абалында кошунасына бычак менен кол салган. Келин алган жаракатынан улам Токмок шаарынын аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, бирок аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1956-жылы туулган Б.К., кармалып, СИЗОго киргизилди.

Учурда тергөө бүтүп, иш сотко жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
prorab
2023-09-30 18:59:00
динден алыс экени жүзүнөн көрүнүп турат, наадан, жексурду өмүр бою отургузуш керек,
0
Саман
2023-10-01 20:56:00
Астагфируллох
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан