Кыргызстанга мыйзамсыз кирген жаран Бишкектен кармалды

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облустук милицияга коңшу республикалардын биринен жаран мыйзамсыз келип, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

26-сентябрда оперативдүү иш-чаранын жүрүшүндө чет элдик жаран 1995-жылы туулган А.Г. кармалган.

Учурда бул факты боюнча тергөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан