15-декабрь - Эл аралык чай күнү. Бул күн Билим берүү жана Пикир алмашуу борборлорунун демилгелери менен белгилене баштаган. Көп жылдардан бери Чай күнүн белгилөө айтылып келгени менен, 2004-2005-жылдардагы Индиядагы Мумбай жана Бразилиядагы Порту-Алегри шаарларында Билим берүү жана Пикир алмашуу борборлорунун жолугушуусунда 15-декабрда Чай күнүн белгилөө чечими кабыл алынган. Расмий эмес майрам болгондуктан, эс алуу күнү деп жарыяланбайт.
*1990-жылы (23 жыл мурун) Кыргыз ССРинин Жогорку Президиуму Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндөгү декларацияны кабыл алган.