Ысык-Көлдө 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, жер титирөө кечээ, 1-октябрда болжол менен саат 03:30да катталган.

"Жердин силкинүүсү Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Туура-Суу айылдарында 4 балл, Тоң, Темир-Канат, Эшперов, Төрт-Күл айылдарында 3,5 балл, Тамга айылында 3 баллга чейин сезилген", - деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан