Бишкекте бир нече унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-августта Ленин РИИБине С.С. аттуу калаа тургуну арыз менен кайрылган. Ал 29-августка караган түнү Нива үлгүсүндөгү унаасын мыйзамсыз ээлеп алган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин (Автотранспорт каражатын уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1995-жылы туулган Р.Р. аттуу жаран Чүй облусунун аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Биринчи Май райондук соту шектүүнү СИЗО-ге бир айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.
"Кылмыш ишинин алкагында шектүү мурда уурдалган унаалар жайгашкан жерлерди көрсөткөн. Андан соң унаалар конфискацияланып, ээлерине кайтарылган. Учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.