ӨКМ: "Өлкөдө 20 өрт кырсыгы катталды"

Өлкөдө соңку суткада 20 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Ош облусунда 6, Чүй облусунда 4, Ош шаары 3, Жалал-Абад облусу 2, Бишкек шаары 1, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусу 1, Талас облусу 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 21 бөлүм тартылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Алсак, Ош шаарынын Дача тилкесиндеги Верхне-Нагорная көчөсүндө жыгач устундуу тыныке менен жабылган эки кабаттуу турак үйдүн 70 чарчы метр ички жасалгасы жана тиричилик буюмдар толугу менен күйгөн.

Сокулук районундагы Күн-Туу айылында жол жээкте Volkswagen үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Ал эми Алай районунун Гүлчө айылында чарайда 1 тонна чөп күйгөн. Өрттүн себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан