Дүрбөлөңгө түшпөңүз! Өлкөдө машыгуунун алкагында сирена жаңырат

Эртең, 3-октябрда саат 10:00дөн 11:00гө чейин Бишкек, Ош шаарында жана облус, райондун борборлорунда 5 мүнөткө чейин сиреналар катуу жаңырып, машыгуу өтөт. Бул тууралуу ӨКМ эскертет.

Министрлик жарандарды сиренанын үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат.

Машыгуунун максаты - өзгөчө кырдаалдар катталган учурда жарандардын өзүн алып жүрүү, адам өмүрүн сактоо, материалдык чыгымдарды азайтуу максатын көздөйт жана “5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата уюштурулат.

Аталган иш-чарага республиканын бардык мамлекеттик ведомстволору, билим берүү мекемелери, менчигинин түрүнө карабастан мекеме-ишканалардын катышуусу мерчемделген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан