Казакстанда Максим Галкиндин концерти кайрадан токтотулду

Орусиялык артист Максим Галкиндин Казакстандагы концерти кайрадан өтпөй турган болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, куудулдун концерти Астана жана Алматы шаарларында өтмөк.

8-октябрда артист Астанадагы Казакстандын борбордук концерттик залында концерт бериши керек болчу. Бирок 30-сентябрда залдын жетекчилиги 4-10-октябрда аталган жерде суу түтүктөрү боюнча техникалык иштер жүргүзүлөрүн жана ага байланыштуу концерт токтотулганын билдирген.

Ал эми 1-октябрда Алматыдагы "Республика" сарайында сахна бузулганы кабарланган.

Эскерте кетсек, Галкин августтун аягында бир нече айдан бери Казакстанда концерт өткөрүүгө уруксат ала албай жатканын айткан.

Инстаграм социалдык түйүнүнө жарыяланган видеокайрылуусунда Алматы жана Астана шаарларында концерт өткөрүүсүнө “мамлекеттик деңгээлде” тоскоолдуктар болуп жатканын белгилеген. Кийинчерээк анын концерттерине уруксат берилгени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
altyn7776
2023-10-02 12:00:00
Галкин саясатка аралашпай, мекенин сатпай концертин берип журо берсе болмок. Еврей сорой, Израиле качып, аерден ар турдуу суйлоп озуно гор казып алды
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан