“Жылдын супер клиби” наамына Ильяз Андаштын "Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар" аттуу ырынын клиби ээ болду. Ырчыга сыйлыкты “тамашоучу” Самат Эркинбеков тапшырды.
"Бул клип элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон клип болот деп ойлогом. Азыр толкундануулар болуп жатат. Албетте, тартуучу топко, ата-энеме, үй-бүлөмө рахмат айтам",- деди ырчы.
Эске сала кетсек, “Жылдын супер клиби” наамы үчүн Даниелдин “Айрылуу”, Аваз Акимовдун “Ай-ай-ай”, Ильяз Андаштын “Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар” деген ырлардын клиптери ат салышкан.