18-сентябрь күнү милицияга саат 10.30дар чамасында Прогресс айылында кошунасы аялды бычактап салганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Аталган факты Чүй РИИБине катталып, "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, 1956-жылы туулган Б.К. аттуу жаран мас абалында 1991-жылы туулган А.Т. аттуу кошунасын бычактап салган. Алган жаракатынан улам жабырлануучу Токмок шаарынын аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок ал эсине келбей каза болгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалган. Учурда тергөө иштери аяктап, сотко жөнөтүлдү.