Ошто 17 жаштагы кыз милициянын алдына барып алып, таксист өпкүлөгөнүн айтып ыйлады (видео)

Ош шаарында жаш кыз Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын алдына барып алып, ага такси айдоочусу ыдык көрсөткөнүн айтып ыйлады. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Видеодо көрүнгөндөй, жаш кыз аны милиция кызматкерлери кабыл албай койгонун айтып, ыйлаган.

"Мен таксиге түшкөм. Ал үйгө жеткирген. Анан ал мага "5000 сом берем" деп, мойнумдан өпкүлөдү. Мен милицияга келип, аны айткандан уялып, "телефонумду такси алып койду" деп айтсам, телефонумду чөнтөгүмдөн таап алышып, мени чыгарып койду. Мени таксист ушинтип койду деп айта албайм да. Мен эмне адам эмесминби? Таксист милицияга "Мени сатып алдым" деп айтыптыр", - деди кыз ыйлап.

Өз кезегинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул боюнча маалымат берди. Милициянын маалыматына караганда, учурда бул боюнча тергөө жүрүп жатат.

"1-октябрдан 2-октябрга караган түнү Ош ШИИБне арыз менен Ош шаарында туруктуу жашаган жери жок, Жалал-Абад облусунун тургуну 2006-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган. Арызында ал аны Ош шаарында такси айдап иштеген жаран сексуалдык ыдык көрсөткөндүгүн айткан. Ал арызы Ош ШИИБинин электрондук маалымат журналына катталган. Ыкчам-тергөө тобу тарабынан такси кызматын көрсөткөн айдоочу жана күбө алынып келинип, суралган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө телефон кыздын жанынан табылган, ошондой эле кызга акча каражаты зарыл болгондугу аныкталган.
Тергөө кызматынан чыккан соӊ арыздануучу кыз Ош ШИИБнин имаратында "мени милиция кызматкерлери кабыл албай жатат" деген мазмунда башка жаранга ыйлап айтып берген. Бул кыздын арызы боюнча ар тараптуу тергөө иштери уланууда. Такси кызматындагы жарандын, арыздануучу кыздын жана күбөлөрдүн берген маалыматтары ар тараптуу текшерилет. Социалдык жактан коргоо кызматтары менен биргеликте дагы иш алынып барылат.
Арыздануучу И.А. 2006-жылы туулган. Мурда бир нече ирет жарандардын үстүнөн арыз менен кайрылган, арыздары боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынган. Ош ШИИБнын жашы жете электер менен иштөө инспекторлору тарабынан рейд учурунда кармалып, бир нече ирет социалдык коргоо кызматына өткөрүлүп берилген.
Арыздануучу кыздын жүрүм-туруму, тагдыры тууралуу толук маалыматтарды берүүгө мыйзамдар жана кыздын жашы жете элек экендиги жол бербейт", - деп билдиришти Ош ШИИБден.
Ошто 17 жаштагы кыз ыдыкка кабылганын айтып чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан