Эртең, 3-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23,
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21,
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17,
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +13…+18.
Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +21…+23 градус болот.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.