Бишкекте 18 жаштагы кыздын ашказанынан 4 килограмм чач алынды (фото)

Кыргызстандын дарыгерлери 18 жаштагы кыздын ашказанынан 4 килограммга чукул чач алып чыгышты. Бул тууралуу Улуттук госпиталдан билдиришти.

"Сентябрь айында 18 жаштагы кыз ооруканага жүрөгү айланып, тамактан кийин кусуп жатканын, тамакты аш кыла албай жатканын айтып кайрылган. Ал арыктап кетип, каруусу жок болгон", - деп айтылат билдирүүдө.

Операция ийгиликтүү жасалып, ашказанга тамак өткөрбөй жаткан чач алынган. Анын узундугу 35 сантиметр, салмагы дээрлик 4 килограммды түзгөн.

Операция ийгиликтүү аяктап, кыз ооруканадан чыкканы, тамакты жакшы ичип калганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан