Бишкекте ири суммадагы алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-сентябрда милицияга А.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал курулуш компаниялардын биринин директору А.З. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган.
Арыз ээсинин атйымында, шектүү жаран 2020-жылдын 11-августунда Бишкек шаарынын Көк-Жар жаңы конушунда жайгашкан соода бөлүмүнүн кеңсесинде анын ишенимине кирип, Фучик көчөсүндө курулуп жаткан имараттан 2 бөлмөлүү батир берерин айтып, 1 миллион 921 миң 800 сомун алган. Андан кийин ал дайынын чыгарбай кеткен.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1991-жылы туулган А.З. аттуу жаран кармалган. Сот аны эки айга Бишкек шаарындагы СИЗОго камоо чечимин чыгарды.
Учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 27 миллион 92 миң 555 сомду түзөт.