Бишкектеги ири өрт чектөөгө алынды. Жерине ИИМ кызматкерлери дагы тартылды

Бүгүн, 2-октябрда Бишкек шаарындагы Широкая көчөсү №5 дарегинде дөңгөлөктөрдөн чыккан өрттү өчүрүүгө жалпысынан 5 күжүрмөн эсеп тартылып, жеринде иштеп жатышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
"Жерине ИИМден 40 кызматкер, РЭТтен 1 бригада тартылган. Ошондой эле учурда өрт өчүрүүчүлөргө Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун адистери да жеринде иштешүүдө. Буга кошумча Бишкек шаардык суу чарба кызматынан суу ташуучу 2 унаасы иштеп жатат", - деп билдиришти ӨКМдан.
Кабат-кабат жыйылган дөңгөлөктөрдөн чыккан тилсиз жоо саат 16:02де чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан