"62 турист". Бишкектеги темир жол бекетине кезектеги туристтик поезд келди 

Бишкектеги темир жол бекетине кезектеги туристтик поезд келди. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда "Кыргыз темир жол" ишканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 2-октябрда Бишкекте жайгашкан Бишкек-2 темир жол бекетине Америкадан жана Европадан туристтер келди. Конокторду кыргыз улуттук күүнүн коштоосу менен уюштуруучулар жана ишкананын кызматкерлери тосуп алышты.

Ага ылайык, жалпысынан поезд менен 62 турист келди. Өлкөгө ушуну менен 4-туристтик поезд келип жатат. Келген коноктор бүгүн Бишкек шаарын кыдырып, андан соң "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркына барышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан