Түркияда мурдагы жолдошу тарабынан сабалган кыргыз келини боюнча ТИМ үн катты

Тышкы иштер министрлиги Кыргыз жараны Э.Э.нин мурдагы жолдошу, Түркия жараны тарабынан сабалганы тууралуу социалдык тармактарда жарыяланган маалыматка байланыштуу комментарий берди.

Кыргызcтандын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматы боюнча, 2022-жылдын декабрында Кыргызстандын Э.Э. аттуу жараны менен Түркиянын М.Д. аттуу жаранынын ортосунда ажырашуу процесси болуп өткөн. Соттун чечиминин негизинде төрөлгөн бала энесинин кароосунда калган.

"Ушул жылдын май айынын аягында Башкы консулдук тарабынан Кыргыз жараны Э.Э. болгон маселелерин чечүү үчүн адвокат менен жолугушуусу уюштурулган. Ошондой эле Э.Э. аттуу жарандын баласы менен (Түркиянын жараны) Кыргызстанга баруу маселеси боюнча керектүү консультациялар көрсөтүлгөн. Э.Э. маалымдагандай, Түркиянын сот органы тарабынан алимент төлөө маселеси каралып жаткандыктан, ал сот процесси аяктаганга чейин Түркияда калууну көздөгөн", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, 21-сентябрда Э.Э. эжеси Д.Э.нин коштоосунда Башкы консулдукка кайрылган. Жогоруда аталган жарандын маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн Башкы консулдук тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарды колдоо Фонду менен Э.Э.ге зарыл жардам көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишилген. Бирок Э.Э. белгисиз себептерден улам жардам алуу үчүн аталган фондго кайрылган эмес.

Кыргызстандын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу консулдук-укуктук жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп, маселени көзөмөлдөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан