Чүйдүн Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жеке ишкердин мал союучу жайы жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Сокулук райондук ветеринардык башкармалыгы тарабынан 30-сентябрда социалдык тармактарга чыккан видео тасманын негизинде Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан жеке ишкер Магамедовдун мал союучу жайы жабылды.
Мал союучу жайдын жабылуусуна ветеринардык-санитардык талаптарга толук жооп бербегени себеп болгон.