Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы октябрь айындагы оюндарга карата курамын жарыялады.
Башкы машыктыруучу Штефан Таркович улуттук курамга жалпы 26 оюнчуну чакырган. Штефан Таркович жарыялаган тизмеде Мирлан Мурзаев, Валерий Кичин жана Фархат Мусабеков жок.
Улуттук курама команданын тизмеси: Дарбазачылар: Эржан Токотаев, Марсель Исламкулов, Султан Чомоев, Дастан Алыбеков, Нурсултан Нусупов;
Коргоочулар: Кайрат Жыргалбек уулу, Амантур Шамурзаев, Християн Браузман, Айзар Акматов, Тамирлан Козубаев, Бактыяр Дүйшөбеков, Бекжан Сагынбаев;
Жарым коргоочулар: Турсунали Рустамов, Кай Мерк, Бекназ Алмазбеков, Одилжон Абдурахманов, Эрбол Атабаев, Элдияр Зарыпбеков, Алимардон Шүкүров, Амир Жапаров, Кими Мерк, Гүлжигит Алыкулов, Мирбек Ахматалиев;
Чабуулчулар: Дастанбек Токтосунов, Жоэл Кожо жана Эрнис Батырканов.