Кадамжай жалпы дарыгерлер практикалык борборуна компьютердик томография орнотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, компьютердик томография аппараты Кытай компаниясынын колдоосу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында орнотулду.
Заманбап медициналык аппараттын баасы 360 миң долларды түзөт.
"Компьютердик томография райондун жашоочулары үчүн жагымдуу жаңылык болуп эсептелет. Алыс жолго убакыт коротпостон, райондун борборунда томографияга текшерилүүгө шарт түзүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.
Медициналык аппаратты колдонуу жана диагностикалоо үчүн атайын адистер окутулуп жатат.