Нарын облусунун Кочкор районунда өткөн Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесин белгилөөгө арналган иш-чарада кыргыз бийин бийлеген жигит көпчүлүктүн көңүлүн бурду.
Ал "Гүлдөй жан" ырын аткаруу учурунда ортого чыгып алып чимирилип, кыргыз бийин бийлеген. Айрым социалдык тармактын колдонуучулары бийчи жигитти балетке алуу керектигин жазышууда.
Кечээ, 2-октябрда Кочкор районунда Ормон Хандын 230 жылдык маарекеси белгиленди. Иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров дагы катышты.