Бишкекте имараттардын фасаддарын жаңылоо иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Абдрахманов көчөсүндөгү №135, 129 үйлөрдүн фасадын сырдоо иштери аяктады, ал эми Ибраимов көчөсүндөгү №57 үйдүн жана Абдрахманов көчөсүндөгү №119 үйдүн фасадын жаңылоо пландалууда.
Белгилей кетсек, буга чейин тиешелүү кызматтар чарбалык субъектилерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошондой эле эскиздик долбоорлорун таратышкан.