Министрлик: "Мектепте ата-энелерден акча жыйноо токтотулат"         

Өлкөдөгү мектептерде ата-энелерден акча жыйноо токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлиги талкууланып жаткан Догдуркүл Кендирбаева парламент комитетинде маалымдады.

Айтымында, мектептердеги фонддор жыйначу акчаны мындан ары мамлекет бөлө турган болду.

"28-сентябрда министрлер кабинетинин токтому чыкты. Анын 1-беренесинде мектептердин алдында түзүлгөн фонддорду толугу менен жоюу каралган. Фонддор топтоп жүргөн акчаны мындан ары мамлекет бере турган болуп чечилди. Бул бюджеттин корголгон беренесине киргизилди", – деди Кендирбаева.

Быйыл май айында президент Садыр Жапаров атайын жарлык чыгарып, ата-энелерден акча жыйноого, мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салган. Мектептеги бардык муктаждыктар үчүн бюджеттен акча бөлүнөрү айтылган эле. Жарлыкты ишке ашыруу үчүн министрлер кабинетине 3 айлык убакыт берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2023-10-03 16:02:00
Ата энелердин колдоосу болмоюнча билим денгеел аксайт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан