Эртең, 4-октябрда Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт. Ал эми башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөй турганын Кыргызгидромет борбору билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25 градус,
Талас дубанында түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23 даража болот.
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17ге чейин жылыса,
Нарын аймагында түнкүсүн -1…+4, күндүз +15…+20 градус болот.
Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +23…+25 даража болот.