ДССУнун Европа аймактык бюросу Кыргызстандагы вакцинаны башкарууну жакшыртууга болгон иш-аракеттерди колдойт. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, 25-сентябрдан 29-сентябрга чейин ДССУнун Европа аймактык бюросунун миссиясынын мүчөлөрү Саламаттык сактоо министрлиги мурда өткөрүлгөн вакциналарды натыйжалуу башкаруусун баалоонун негизинде үзгүлтүксүз өркүндөтүү планын иштеп чыгууда техникалык колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстанга келишти.
Миссиянын негизги максаты – калкка вакциналардын ишенимдүүлүгүн, сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоодо өлкөгө колдоо көрсөтүү.