Баткенде Тажикстандын аймагына өтүп кеткен 10 баш кой кайтарылды

Баткенде Тажикстандын аймагына өтүп кеткен 10 баш кой кайтарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 3-октябрда Баткен районунун Дөбө айылынын 53 жаштагы тургунунун 10 баш кою коңшулаш Тажикстандын Согди облусунун Исфара районунун Лаккан айылына өтүп кеткен.

Бул кабарды уккан Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тажик кесиптештери менен өз ара сүйлөшүп, ушул эле күнү чек арадан өтүп кеткен 10 баш кой кайра Кыргызстанга өз ээсине кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан