Ошто жаңы 8 заманбап аялдаманын курулуш иштери аяктады

Ошто сегиз жаңы санарип аялдама курулуп бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын аймагында жалпы 16 даана санарип аялдама толук заманбап шарттары менен курулууда. Анын сегизи толук бүттү. Учурда калган аялдамаларда жумуштар жүрүп жатат.
Ал эми эки аялдаманын курулушу азыр токтоп турат. Себеби жүргүнчүлөр үчүн олтуруучу орундук аз болуп, белгиленген адам санына туура келбей калган. Ошондуктан аялдаманы чоңойтуп, орундуктарды көбөйтүү максатында долбоору кайрадан жасалган. Жакынкы күндөрү бул аялдамалар толук бүткөрүлөрүн куруучу тарап билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан