Бүгүн, 4-октябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында күрөш боюнча мелдештер башталды.
Анда күрөштүн грек-рим түрү боюнча 60 килограмм салмакта катышкан Жоламан Шаршенбеков 1/8 финалда тажикстандык Асламжон Азизов аттуу балбан менен кез келип, атаандашынын үстүнөн 8:5 эсебинде ишенимдүү түрдө жеңишке жетишти.
Муну менен Жоламан Шаршенбеков чейрек финалга өттү. Чейрек финалда Жоламан Шаршенбеков түштүк кореялык Чон Ханже аттуу балбан менен күрөшөт.
Ошондой эле 87 килограмм салмакта Атабек Азисбеков алгачкы жүрүшүндө эле ирандык балбанга жеңилип калды.