Азия оюндарына 77 килограмм салмакта катышып жаткан Акжол Махмудов дагы алгачкы атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Кыргыз балбаны Азия оюндарындагы алгачкы жүрүшүн 1/4 финалда баштады. Анда Акжол Махмудов камбоджалык балбан менен кез келип, атаандашын 33 секундда жеңди. Кыргыз балбаны камбоджалык балбандын далысын жерге таза басты.
Муну менен Акжол Махмудов Азия оюндарынын жарым финалына чыкты. Финалга чыгуу үчүн ал коңшу казакстандык Азат Сыдыков аттуу балбан менен күрөшөт.
Белгилей кетсек, Акжол Махмудов учурдагы Дүйнө чемпиону.