Бишкектин Ак-Ордо конушундагы тамактануучу жайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-октябрда Бишкектин Ленин районуна караштуу Ак-Ордо конушунда жайгашкан тез тамактануучу жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 21:29 чамасында Ленин райондук №6 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган.
Ага ылайык, өрт саат 00:12 чамасында толук өчүрүлгөн.
Буга чейин интернет тармагында Бишкектин Ак-Ордо конушундагы тамактануучу жайлардын биринен өрт чыккандагы тууралуу видео тараган.