13-14-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Супер-Инфо" гезитинин жылдын суперлерин аныктаган концерти болуп өттү. Аталган концертте жеңүүчүлөргө наамдар боюнча сыйлыктар тапшырылды.
“Жылдын супер ырчы айымы” наамына Чолпонай татыктуу болду. Сыйлыкты “Супер-Инфо” гезитинин башкы редактору Нуржамал Жийдебаева тапшырды.
Эске сала кетсек, бул наам үчүн Чолпонай, Айнура Салахидинова, Айжамал Кабылова ат салышкан.