Бүгүн, 4-октябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында күрөш боюнча мелдештер башталды.
Анда күрөштүн грек-рим түрү боюнча 67 килограмм салмакта катышкан Раззак Бейшекеев алгачкы жүрүшүндө япониялык Катсуаки Ендо аттуу балбан менен кез келип, 1:5 эсебинде жеңилип калды.
Япониялык балбан финалга чыга турган болсо Раззак Бейшекеев коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.