
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Сокулук районунда энеси сатып жиберген балдардын абалы боюнча маалымат беришти.
Маалыматка караганда, учурда балдар багып алган ата-энесинин жанында.
"Балдар расмий түрдө багып алынды. Учурда алар багып алган ата-энелеринин жанында. 2023-жылы төрөлгөн кичүү кызынан энеси төрөт үйүнөн эле баш тарткан. Анын 2020-жылкы төртүнчү баласы дагы бар. Ал чоң энеси менен жашап жатат. Тергөө иштери толук бүткөндөн кийин балдардын тагдыры чечилет", - деп маалымдашты министрликтен.
Эске салсак, буга чейин Сокулук районунда аял өзүнүн балдарын сатып жибергенге шектелип кармалганы кабарланган
болчу.