Бүгүн, 4-октябрь күнү эртең менен Кыргызстанда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.
Андагы маалыматка караганда, жер титирөө эртең мененки саат 07:31де Жаман-Тоо тоосунда болгон. Жер титирөөнүн очогу Ак-Бейит айылынан 27 чакырым түндүк-батыш, Баетов айылынан 42 чакырым түштүк-батыш жана Нарын шаарынан 112 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөө Ак-Бейит айылында 2,5 баллга чейин сезилген.