Коңшу Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында эки кыргыз балбан финалга чыкты.
77 килограмм салмакта Акжол Махмудов жарым финалда казакстандык Азат Сыдыков менен кез келип, атаандашын 9:0 эсебинде жеңди.
Ал эми 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков жарым финалда Өзбекстандык балбан Исломжон Бахромов менен кез келип, ал дагы 9:0 эсебинде жеңишке жетти.
Акжол Махмудов финалда ирандык Амин Кавиянинежад менен күрөшөт. Ал эми Жоламан Шаршенбеков япониялык Аята Сузуки жана казакстандык Айдос Султангали аттуу балбандардын жеңүүчүсү менен күрөшөт.