Чоң-Алайда митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Ош облусунун Ноокат жана Чоң-Алай райондорунда митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды. Маалыматты бүгүн, 4-октябрда облустук соттон кабарлашты.

Белгиленгендей, Ноокат РИИБи Ноокат райондук сотуна арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын 4-сентябрында Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кеңешмеси тарабынан 2023-жылдын 7-сентябрынан 7-ноябрына чейинки аралыкта Ноокат районунун аймагында ар кандай митингдерди жана тынчтык акцияларын (расмий маданий иш-чараларды кошпогондо) өткөрүүгө чектөө коюлган чечим чыгарылгандыгын, аталган чечимди мыйзамдуу жана негиздүү деп таап берүүнү суранган.

"Ноокат райондук сотунун 2023-жылдын 8-сентябрындагы чечиминин негизинде Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн аталган арызы канааттандырылып, чечим мыйзамдуу деп табылган.

Ушундай эле чечим Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүндө дагы чыгарылып, чечимди мыйзамдуу деп табуу боюнча сотко арыз менен кайрылышып, Чоң-Алай райондук сотунун чечиминин негизинде мыйзамдуу деп табылган", - дешти облустук соттон.

Соттук актыларга даттанылган эмес, күчүндө экени кошумчаланды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан