Депутат: "Министр Монголияга сарымсак сатканы сүйлөшүү үчүн кетсе анда келбей эле койсун"

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Шайлообек Атазов Айыл чарба министринин жыйынга келбей койгонуна нааразы болду.

"Күн тартибин кабыл алып жатканда күзгү-кышкы даярдык, энергетикадан сырткары дагы тоют, кымбатчылык, ун маселесин дагы карайлы деп сунуш бердик эле. Азыр 25 сомдук нандарды 30, 35 сомдон сатып жатышат. Бүгүнкү күндө күзгү айдоо, техника, Айыл чарба министрлигиндеги шалаакылык боюнча суроо берели деп күн тартибине киргиздик эле.

Эгер айыл чарба министри Монголияга сарымсакты кымбат баада сатуу үчүн сүйлөшкөнү кетсе анда келбей эле койсун. Эмне үчүн премьер-министр отурат, министр келбей жатат. Айыл чарба боюнча азыр карасак жакшы болот эле", - деди Атазов.

Депутат Атазов министрдин жыйынга келбей койгонуна нааразы болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kedeluro
2023-10-04 18:25:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----- https://mub.me/etrax
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан