Айсулуу Тыныбекова, "Жылдын супер спортчусу": "Чемпиондуктардан медаль менен кайтып жаткандыктан супер спортчу аталууну күткөм"

Бишкекте бүгүн, 14-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Супер-Инфо" гезитинин жылдын суперлерин аныктаган концертинин 2-күнү өтүүдө. 
"Жылдын супер спортчусу-2013" наамына  кыз-келиндер күрөшү боюнча спортчу Айсулуу Тыныбекова,  бел боо күрөшү  боюнча Нурбек Аканов, футболист Алмазбек Мирзалиев , кикбоксчу Алексей Федосеев, боксчу Азат Усеналиев жана бел боо күрөшү боюнча Нурбек Кожобеков ат салышкан. 
"Жылдын супер спортчусу" наамынын ээси Айсулуу Тынбекова: "Сыйлык алам деп ишенип жаткам. Анткени ар бир мелдештен медалдар менен кайтып жаттык. Колдогон бардык колдонуучуларга рахмат айтат элем",- деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alai81
2013-12-16 10:46:15
куттуктайм добушум сага болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан