Сүлүктүдө канализация суусу балдар аянтчасына акканы боюнча мэр жооп берди

Буга чейин тургун Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарынын Деканова көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн чыккан саркынды суу балдар аянтчасына агары тууралуу билдирүүнү ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кабарлаган.

Бул боюнча бүгүн, 4-октябрда Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров канализацияны оңдотуу үчүн аталган үйдүн жашоочуларына 40 миң сом бөлүнүп берилгенин айтты.

"Бул боюнча кабарым бар. Негизи аталган үйдүн жашоочулары "өзүбүз оңдоп алабыз" дегендиктен үйдүн комитетинин башчысына 40 миң сом бергенбиз. Бирок оңдошкон жок. Эми биздин кызматкерлер жакынкы күндөрү канализациялык сеть казып, оңдоого киришет. Баарын даярдап койгонбуз", - деди шаар мэри.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан