Казакстанда киши өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды

Адам өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн Казакстандын жараны кармалды Бишкектен кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 26-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан 1995-жылы туулган Алматы шаарынын тургуну А.Г.М. кармалган. Ал расмий өтмөктөрдү айланып, казак-кыргыз мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, андан соң “Манас" аэропорту аркылуу үчүнчү мамлекеттерге учуп кетүүнү көздөгөн.

УКМК тарабынан ага карата кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, Октябрь райондук сотунун чечими менен чет элдик жаран Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айлык мөөнөткө камакка алынды.

Ошол эле учурда, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Г.М. Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан адам өлтүрүүгө катышкан деп издөөдө жүргөнү аныкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан