Ак-Ордодо 16 жаштагы бала сабалган. Шектүү катары 59 жана 64 жаштагы кишилер кармалды

Сокулук районунун Ак-Ордо конушунда жаш өспүрүм баланы ур-токмокко алууга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 29-сентябрда милицияга Ак-Ордо конушунун тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү 2007-жылы туулган Ж.А. аттуу баласын Б. аттуу жаран эч себепсиз сабап, денесине жаракат келтиргенин айтып, ал жаранга чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган факт Сокулук РИИБине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлө башталган.
Алдын ала териштирүү учурунда бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө амалдарын жүргүзүүнүн натыйжасында, аталган кылмыш ишине шектүү катары 1959-жылы туулган М.Э. жана 1964-жылы туулган М.К. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kedeluro
2023-10-04 18:24:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----- https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан