Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында тажикстандык балбан Асламжон Азизов кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков менен күрөшүп жатып, түшүнүксүз жагдайда кулап түштү.
Эки балбан Азия оюндарынын 1/8 финалында күрөшүп жаткан. Биринчи бөлүктө тажикстандык балбан күрөшүп жатып эле, кулап түштү. Кыргыз балбаны эч нерсени түшүнбөй калгандай туруп калды.
Тажикстандык балбан дарыгерлердин жардамын алгандан кийин күрөштү улантты.
Беттеш 8:5 эсебинде Жоламан Шаршенбековдун жеңиши менен аяктаган. Жоламан мындан кийин дагы эки беттеште жеңишке жетип, Азия оюндарынын финалына чыкты.