"РСК Банк" Кыргызстанда биринчилерден болуп БУУнун Глобалдык келишимине кошулду

“РСК Банк” дүйнөнүн 160 өлкөсүнөн 17 000ден ашуун ар кандай ири компаниялар менен катар БУУнун (United Nationals Global Compact) Глобалдык келишимине кошулган Кыргызстандагы биринчи банк болуп калганын кубануу менен билдирет.

БУУнун Глобалдык келишими (БУУ ГК) корпоративдик социалдык жоопкерчилик жана туруктуу өнүгүү багытындагы бизнес үчүн эл аралык демилге. 2000-жылы түзүлгөн БУУнун ГК туруктуу өнүгүү концепциясын калыптандырууга жана алдыга жылдырууга бизнести тартуунун маанилүү инструменти болуп калды.

- Бүгүн биз “РСК Банк” БУУнун Глобалдык келишимине кошулганын сыймыктануу менен айтабыз. Бул деген БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарын жана демилгелерин колдоого биздин даяр экенибизди билдирет. Биз өз иш-аракетибизди жана стратегиябызды адам укуктарын коргоо, эмгек, курчап турган айлана-чөйрөгө этиат мамиле жана жемкордукка каршы күрөшүү жаатындагы жалпы кабыл алынган он принципке ылайык келтирүүгө милдеттенебиз, - деди “РСК Банк” ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев.

Белгилей кетүүчү жагдай, “РСК Банк” жогоруда аталган принциптерди колдоо менен, Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) ылайык олуттуу чараларды көрүүдө. Атап айтсак, “РСК Банк” “Туруктуу өнүктүрүү багытынын күн тартибинин” алкагында ESG-банкингди ишке ашырууга иш-чаралардын планын бекитти, ошондой эле кабыл алынган 17 Туруктуу өнүктүрүүнүн 13 максатын ишке ашырууга киришти.

Бүгүнкү күндө Банк СО2 көлөмүн азайтуу, энергиянын кайра иштелип чыгуу булактарын өндүрүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча программаларды ишке ашыруу, өлкөнүн суу ресурстарын сактоо, кайра иштетүүчү ишканаларды колдоо жана башка көптөгөн долбоорлорду иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу аркылуу ТӨМ ишке ашыруунун үстүндө иш алып барууда.

“РСК Банктын” өзүнүн сайтына баш багып, БУУнун Глобалдык келишиминин веб-сайтына шилтеме аркылуу маалыматтар менен кенен таанышууга болот https://unglobalcompact.org/what-is-gc/participants/160453

www.rsk.kg

КРУБ лиц. №033, 033/1

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан